Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Катар, кат-кат, этаж. Көк тиреген кабат-кабат, Көркөм үйлөр салынган (Бөкөнбаев).
2. Көп, арбын, мол. Калыңга кабат мал алып, Кадимден бери көнгөн бай (Тоголок Молдо). Оюлтуп ороо казганым, Олжону кабат тапканым (Тоголок Молдо). Күчү кабат толду эми, Күрөшөр кези болду эми («Эр Табылды»).
¨ Кош кабат к. кош II.