КАБАТ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Катар. Жигит эки кабат имаратка кандайча келип жеткендигин сезбеди («Ала-Тоо»). Көк тиреген кабат-кабат, Көркөм үйлөр салынган (Бөкөнбаев). 2. Бир нерсенин үстү-үстүнө кабатталган, кат-каты менен жаткан бөлүгү, катмары. Экскаваторчулар тоонун коркунучтуу бош кабатын казып ойго түшүрүштү (Сасыкбаев). Карасаң кап үйүлүп кабат-кабат, Кампада даярдалган эгин жатат (Шимеев). Капустанын ар бир башы чарадай, Кабат-кабат жашыл шайы кийинген (Осмонкул). 3. Өтө көп, мол. Жергелүү элге дем берип, Жемишти кабат жедирген (Тоголок Молдо). Оюлтуп ороо казганым, Олжону кабат тапканым (Тоголок Молдо). Күчү кабат толду эми, Күрөшөр кези болду эми («Эр Табылды»).