КАБАГЫМ-КАШЫМ ДЕБӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кейип-кепчибөө, эч нерсеге кайгырбоо, тоотпоо, кенебөө, жаркылдап жүрө берүү. Аны кабагым-кашым дебей тосуп алып, меймандады (Көчкөнов). Бермет кабагым-кашым дебестен Жумабайдын жолдош-жоролорун тосуп алуучу (Борбиев). Ачарчылыкта бар-жогуна карабай, кабагым-кашым дебей өзүнүн оорусун унутуп калат (Бердикеев). Бирок, ал бул суммага кабагым-кашым деген жок (Бердикеев). Балдар үйүнөн чыгарып ийсе, кабагым-кашым дебей келген жагына баса берери анык (Өмүрбаев).