КАБАГЫ АЧЫК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Кайгы-капасы жок, жайдары, көңүлдүү. Шергазыга чыгып келе жатканда жолукту. Анын кабагы ачык экен, кол алышып бакылдады (Осмоналиев). 2. Кабагым-кашым дебеген, пешенелүү, ажарлуу, жылдызы жарык. Ашыр жаркылдаган кабагы ачык бала («Ала-Тоо»).