Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кайгы-капасы жок, жайдары, көңүлдүү. Шергазыга чыгып келе жатканда жолукту. Анын кабагы ачык экен, кол алышып бакылдады (Осмоналиев). 2. Кабагым-кашым дебеген, бешенеси ачык, жылдызы жарык. Ашыр жаркылдаган кабагы ачык бала («Ала-Тоо»). В.: Кабагы жарык. Балакетиңди алайын, жылдызым, уктап жатса да кабагы жарык (Сыдыкбеков). Анын кабагы жарык, көңүлү көтөрүңкү (Кыдырмышев). Маңдайы жарык. Сыядаттын маңдайы жарык, толкунданып, өзүн бакыбат сезип отурду («Кыргызстан маданияты»). Арам ойлуу кишинин маңдайы жарык болбойт дешет экен (Абдукаимов). Маңдайы ачык. Жайдарым күлүмсүрөп маңдайы ачык. Жүзүндө эрк нурлары турса ташып (Турусбеков). Көңүлү ачык. Курдашыңдын көңүлү ачык, басканы шайдоот, мени көзүнүн кыры менен бир карады да сапарын улантты («Ленинчил жаш»). Кабак-кашы ачык. Абдыкеримдин кабак-кашы ачык, көзү тирүү жигит (Бейшеналиев).