КААЛА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жактыруу, көңүлү түшүү, жакшы көрүү. А сен каалаганыңы сура (Жантөшев). Омор өзү каалап, мектеп багына күзөтчү болгон (Сыдыкбеков). 2. Тилөө, эңсөө, самоо. Китепте не кааласаң бардыгы бар, Эрикпей карап чыксаң таамай издеп (Осмонов). Ар ким бактылуу болууну каалайт (Токомбаев). Айдайдын каалаганы да илим (Каимов).