КААЛА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз каа+ла бөлүктөрүнөн турат. Сөздүн уңгусун тузгөн каа иранча хах сөзү экенин В. В. Радлов өткөн кылымда эле аныктаган (Радлов, т. II ч. 1, 199). Ал хах сөзү хастан этишинин учур чактагы формасы болуп эсептелет. Иран тилинде хах этиши каала маанисин берет.
Ушул этишти өзбектер хохламак түрүндө кабыл алган, аларда сөздүн уңгусу тыбыштык түрүн сактаган. Кыргыз тилинде уңгунун аягындагы х тыбышы үндүүгө айланган, натыйжада каала этиши келип чыккан. Казак тилинде болсо уңгунун аягындагы х тыбышы түшүп, кала этиши жаралган.
Иран тилинде хах этиши хастан этишинин учур чактагы форма болуп турса да, ага түрк тилдери өздөрүнүн этиш жасоочу -ла мүчөсүн кошкон.