Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Орундатуу, аткаруу. Душманга ок, доско сүйкүм, акылман, Эл тилегин иш жүзүнө ашырган (Осмонкул). В.: Ишке ашуу. Менин дагы көптөн күткөн асыл максатым ишке ашып, Фрунзедеги бир окуу жайынан окумак болдум («Ленинчил жаш»). Турмушка ашуу. Мындан көп жыл мурда ойлогон, кагазга гана түшүрүлгөн эскиздер мына минтип бүгүн турмушка ашып жатат.