Иш боюнча өндүрүштү аяктоо
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ИШ БОЮНЧА ӨНДҮРҮШТҮ АЯКТОО – 1) административдик иштеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иш боюнча өндүрүштү аяктоочу процесстик ишмердикти токтотуу жөнүндөгү чечими; 2) кылмыш-жаза жүрүмүндө белгилүү бир кылмышжаза иши боюнча аны козгоо, тергөө, соттук териштирүү жана соттук өкүмдү (токтомду) аткарууну аяк-тоодогу процесстик аракеттердин жана чечимдердин жыйындысы.