Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде ыд//ыз//ыт этиши «жиберүү» маанисин берген. Мына ушул этиштин ыт варианты менен азыркы иш деген зат атооч сөз тектеш дешке болот. Анткени байыркы кездеги йумуш сөзү жөн эле иш эмес, «атайын тапшырылган иш, кызмат, элчилик» деген маани берип, андан йумша этиши келип чыгып, ал байыркы кездеги ыт этишине маанилеш болгон. Синкретизмдик уңгу болуп ыт сөзү алгач «жиберүү» жана «жиберилген иш, тапшырылган иш» манисин бирдей туюнтушу мүмкүн. Кийин ыт сөзүнүн аяккы т тыбышы ш тыбышына алмашуусунан ыш>иш сөзү жаралып, алгачкы ыт этишинен айырмалу түргө келип, экөө эки башка сөзгө ажыраган.