ИШ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Акыл-эстин, күч эмгегинин жумшалышы аркылуу белгилүү бир максатка ылайык аткарылуучу жумуш, күч аракети, эмгек процесси. Силер сүйгөн мугалим, Ишин тейлей башкарды (Токомбаев). Иш бүткүл кайгыны жеңет, көңүлдүн кирин кетирет (Байтемиров). Ошондуктан Турсун апа дайым шат, Адал ишин колхозчулар жакташат (Осмонов). 2. Кызмат, кызмат абалы. Кылган ишим – бригадирмин, Жооптуу иш ал дагы (Нуркамал). 3. Администрациялык, сот органдары тарабынан карала турган маселе, факт, сот процесси. Иши сотто каралды.