Instagram (Инстаграм) – Meta Platforms компаниясына таандык фото жана видео бөлүшүү социалдык медиа.
Алгач iOS үчүн 2010-жылдын октябрында Кевин Систром жана Майк Крайгер тарабынан ишке киргизилген. Инстаграм тез популар болуп, 2018-жылдын июнунда ага катталгандардын саны1 миллиардга жеткен. 2012-жылдын апрелинде Инстаграмды Facebook Inc. болжол менен 1 миллиард АКШ долларына сатып алган.