Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Илик жөндөмөсү заттардын кимге жана  эмнеге тиешелүү  (таандык) экендигин билдирип, дайыма таандык мүчөлүү сөздөр менен айкашып келет. Илик жөндөмөсүнүн грамматикалык каражаты –нын мүчөсү, ал сөздөрдөгү үндүү жана үнсүз тыбыштарга карата 16 түрдө өзгөрүп колдонулат. Илик жөндөмөнүн мүчөсүнүн толук түрү -нын, -нин, -нун, -нүн, -дын, -дин, -дун, -дүн, -тын, -тин, -тун, -түн болуп 12, кыскарган түрү болсо -ын, -ин, -ун, -үн болуп 4 түрдө (вариантта) өзгөрүп келет.

Азыркы кыргыз тилинде илик жөндөмөсүнүн гана эмес, бардык жөндөмөлөрдүн мүчөлөрүнүн тыбыштык түзүлүшүнүн өзгөрүп айтылышы үндөштүк (сингармонизм) мыйзамынын негизинде жүзөгө ашат. Түрк тилдеринин ичинде үндөштүк (сингармонизм) мыйзамы жакшы сакталып, төл сөздөрдө анын туруктуу сакталышы боюнча кыргыз тили өзгөчөлөнүп турат. Кыргыз тилинде эрин күүсү да (жол, жолго, жолдош, жолоочу, жолукту, жолугушуу ж.б.), таңдай күүсү да (кыр, кырка, кырга, кырдын, кырка, кырканын ж.б.) катуу сакталат.  Илик жөндөмөсү тууралуу кенен маалымат

Булагы: Кыргыз тилинин морфологиясы