Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде иди этиши «жый» маанисин берген (ДТС, 203). Ага зат атооч жасоочу -ш мүчөсү жалгануудан идиш сөзү келип чыккан. Алгачкы идиш «буюм-тайымды, тамак-ашты чогултуп, жыйнап салуучу буюм» маанисиндеги сөз болгон. Азыркы кезде иди этиши унутулуп, андан жасалган идиш сөзү гана сакталып, кандай маанидеги сөз экенин билүү кыйындап калган.