Фьючерс бүтүмү — Бүтүмгө келишкенден кийин белгилүү бир мөөнөттө, контрактта бүтүмдүн аяктоо мөөнөтүнө карата келип чыккан акциялардын баалары жана курстарындагы айырманы алуу максатында белгиленген баа боюнча товар үчүн акчалай сумманы төлөөнү болжолдоочу бүтүм.
Фьючерс контракты — Келечекте белгиленген күнү, макулдашылган баада аларды сунуштоо үчүн белгилүү бир товардын, валюталардын же баалуу кагаздардын катталган санын сатып алуу же сатуу жөнүндөстандартташтырылган келишим. Ал форварддык контракттан айырмаланып биржада сатылат, стандартташтырылган шарттарга ээ жана адатта товарлардын жеткирилип берилишин болжолдобойт.