фишинг
Словарь переводов пользователей Эл-Создукфишинг (фишиң) - колдонуучунун логини, сырсөзү сыяктуу купуя маалыматтарын уурдоону көздгөн интернет алдамчылыктын бир түрү. Популярдуу бренддердин, банктардын ж.б. кызматтардын атынан массалык түрдө эмейл же социалдык медиалардан жеке кат жөнөтүү аркылуу жүргүзүлөт. Мындай катта көрүнүшү чыныгы вебсайттан айырмаланбаган окшош сайтка шилтеме болот. Же өзүнө керектүү башка сайтка өткөзүп жиберген багыттамасы болот. Колдонуучу жасалма сайтка киргенде, алдамчылар түрдүү психологиялык амалдарды колдонуп анын банк картасына жана эсептерине кирүүгө мүмкүнчүлүк берген логинин (колдонуучунун аты) жана сырсөзүн билип алышат. Фишинг – колдонуучулардын интернет коопсуздукту билбегенинен пайдаланган социалдык инженериянын бир түрү. Банктар же интернет кызматтар эч качан сиздин купуя маалыматтарыңызды сураган кат жөнөтүшпөйт!