ЭЖЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир тууган же туугандык жакындыгы бар, жашы улуу кыз же аял. Эже кийгенди сиңди киет (макал). Эжени көрүп сиңди өсөт, аганы көрүп ини өсөт (макал). Көздөй жакын эжебиз эле сиз болуп калдыңыз («Ала-Тоо»). 2. Өзүнөн улуу аялга, кызга кайрылганда айтылуучу сөз. Бактылуу баатыр эжем, Кайназарова Зууракан (Нуркамал).