ЭҢСЕСИН КЕСҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Демин кайтаруу, тыйып коюу, басып коюу, көңүлүн кайт кылуу. Чоң үмүт менен келген Байымбетти туугандары эңсесин кесип койду (Бейшеналиев). Эрегишкен шер болсо, эңсесин кескен эр Канай («Манас»). В.: Эңсеси кесилүү. Ойлогон ою ордунан чыкпай, эңкеси кесилип отуруп калды. Эңсеси кесилүү. Анын эңсеси кесилди. Эңсеси катуу. Эбин тапкан эки ичет, эңсеси каткан бир ичет (макал).