ЭҢСЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Самоо, каалоо, тилөө, көксөө; сагынуу. Эңсеген элим аманбы? (Токтогул). Издегеним Акшумкар, Эңсегеним Айчүрөк («Семетей»). Сагындым кагылайын кыргыз жерин, Эңседим ой-түзүңдү көрсөм дедим (Абдыраманов). Эл агартуу бөлүмүнөн эңсеси сууп, үч бала кайта чыгышты (Сыдыкбеков). Эбин тапкан эки ичет, эңсеси каткан бир ичет (макал). Эрегишкен шер болсо, Эңсесин кескен Эр Кошой («Манас»). Элиң үчүн эмгектенип аарыдай, Эңсегенге жеткен бакыт арыбай (Гилязетдинов).