Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жерди карай ийилүү өбөктөө. Ал эңкейип он тыйынды колуна алды (Жантөшев). Кычан жепирейген эшиктин босогосунан эңкейип өттү (Бейшеналиев). Элүүгө кадам басканда Эңкейип белиң ийилет (Токтогул). 2. Бийик жерден, жайлоодон ж. б. төмөндөп көчүү, ылдыйлоо, бийик жерден ашып өтүү, ары түшүү. Малчылар жайлоодон эңкейип калган убак (Каимов). Эңкейдим аркы бетине, Элимдин чыктым четине (Казыбек). Тиги көрүнгөн белди эңкейсеңер, Көк-Суудагы элге жетесиңер (Жантөшев). 3. өт. Көз жумуу, каза болуу. Элүүнүн жүзүн көрбөстөн, Эңкейип жерге жашындың. 4. өт. Белгилүү бир жаштан, маалдан, чектен өтүү, арылоо. Жакыптын жашы кырктан эңкейип калган (Бейшеналиев).