Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Эңкейиш, ылдый жер; бөксө, боор. Эңишке аккан суу (Каимов). Эңишке келгенде эс ала түшүп, өргө келгенде артына шыпырылып кетем (Элебаев). Мергенчи көрдүк эңиштен («Эр Табылды»).
2. Эңкейиш, бүкүр. Далысы эңиш, арык чырай киши экен (Элебаев).
ЭҢИШ II зат. Эки балбан ат үстүнөн бири-бирин оодарышып күч сынашкан улуттук оюн, оодарыш. Томпоюп аттан жыгылды, Эңишке түшкөн баласы (Токтогул).
ЭҢИШ III этиш. Эңишке түшүп, бири-бирин эңүү, жеңүү үчүн кармашуу.