Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ийкемдүү, бурган жакка кеткен, оозу жумшак (мис. жылкыга же башкарып, башын буруп жүрүүгө туура келген башка унааларга карата); дилгирлик менен аракеттенген, жеңил, шамдагай (мис. адамга карата), тил алгыч, кичи пейил. Алдында минген жапалдаш кара кер ат мышыктай элпек жылкы экен (Сыдыкбеков). Элпек кунан тыпылдап бөжүгөндөн талбайт (Бейшеналиев). Шофер рулду элпек тегеретип, машинаны эркин башкарат («Ала-Тоо»). – Турмушуна, кыял-жоругуна, сөзүнө караганда элпек, тил алгыч, ак көңүл адам экен («Кыргыз Туусу»).