ЭЛКИН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Түгөйү жок, жалгыз, жеке, жалгыз өзү. Энеден элкин сен элең Эркелеткен мен элем (Мидин). Эл ичинен эр чыктың, Элкин жолборс шер чыктың («Эр Табылды»). 2. Ээн, бош, ээн-эркин. Ээн калып Таласың, Элкин жерлер болгондур («Манас»). Басып адам келбеген Элкин экен жерлери («Манас»).