Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ээлигүү, жээлигүү; токтоно албоо, жулкунуу; чарчабоо. Күлүк талбаган Сууган сайын элирген (Үмөталиев). Кой, Тору, элирбе, Тору жаман дедирбе (Осмонов). Тулпардай туйлап элирип, Түбүндө агат кашка суу (Чойбекова). 2. Шаттануу, кубануу, толкундоо. Эл четине келгенде, Элиришке мен кызык (Токтогул). Элирбейт кимдин жүрөгү, Энеден белек барганда (Маликов). 3. Элирмеси кармоо. Оорулуу неме элирип кетти го (Жантөшев). 4. Эсирүү, эсиркөө, шоктонуу, тентектенүү. Жакшы кийсең, жаш балдар, Көйрөңдөнүп элирбе (Токтогул). Балалык кылып элирбе (Осмонкул). Капа болуп сабылам, Элирген эпсиз болгон соң (Казыбек).