ЭЛИК СҮТҮН БЕРҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өзү төрөбөсө да өзү төрөгөндөй, өз баласындай асыроо, өздөй кылып багып өстүрүү, өз балам деп саноо. Алым - Айшанын элик сүтүн берип баккан баласы (Жантөшев). Мына, энелери, бириң кызды төрөп ак сүтүңдү берсең, калганың элик сүтүңөрдү бердиңер (Өгөбаев).