ЭЛИК СҮТҮН БЕРҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өзү төрөбөсө да өзү төрөгөндөй, өз баласындай асыроо, өздөй кылып багып өстүрүү, өз балам деп саноо. Алым – Айшанын элик сүтүн берип баккан баласы (Жантөшев). Мына, энелери, бириң кызды төрөп ак сүтүңдү берсең, калганың элик сүтүңөрдү бердиңер (Өгөбаев). В.: Эмчек сүтүн бербесе да, элик сүтүн берүү. Эмчек сүтүн бербесе да, элик сүтүн берип, алпечтеп өстүргөн Зарылбүсүнөн эне менен ата карыш ажырагысы келбейт (Өмүрбаев).