Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Түркия түрк тилинде «эл» түрүндө сакталып, азыркы учурда активдүү колдонулган бул сөз кыргыз тилинде азыр колдонулбайт. Ушундан улам бул сөздүн «кол» деген синонимдик түгөйү көп колдонулуп, аны сүрүп чыккан болсо керек деп божомолдоого болот. Анткени тил мыйзамына ылайык, абсолюттук, башкача айтканда, маанилик жактан толук дал келген синонимдер тилде чогуу жашай албайт: алардын бири колдонуудан калат, же болбосо башка кошумча маанилерге ээ болот. Бирок «элиг» сөзүнүн айрым издери азыркы кыргыз тилинде сакталып калгандыгы байкалат. Мисалы: «эли – сөөмөй, ортон ж.б. манжалардын жоондугундай, эниндей болгон өлчөм. Согумдун казысы төрт эли чыгыптыр (Мидин)» (КТС 2011:847). Мындай маани казак, кара калпак, алтай, татар сыяктуу бир катар түрк тилдеринде бар. Мындан тышкары, азыркы кыргыз тилинде «элик сүтүн берүү» деген фразеологизм бар жана ал «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүндө» төмөнкүдөй чечмеленген: «элик сүтүн берүү: өзү төрөбөсө да өзү төрөгөндөй, өз баласындай асыроо, өздөй кылып багып өстүрүү, өз балам деп саноо. Алым – Айшанын элик сүтүн берип баккан апасы» (КТФС 2001:508). К.К.Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» бул фразеологизм төмөнкүдөй чечмеленген: «элик сүт берген кормила грудью не родная мать (букв. молоко давала косуля)» (Юдахин 1965:949). Мындагы «элик» деген сөздү «жапайы жаныбар» деген маанисинде эмес, «кол» деген маанисинде түшүнүү зарыл. Ушундай болгондо бул фразеологизмдин «эмчек эмизбесе да, элик, башкача айтканда, кол менен сүт берип багуу» деген мааниси чыга келет. Муну аталган фразеологизмдин экинчи бир варианты да тастыктап турат: «эмчек сүтүн бербесе да, элик сүтүн берүү»: Эмчек сүтүн бербесе да, элик сүтүн берип, алпечтеп өстүргөн Зарылбүсүнөн эне менен ата карыш ажырагысы келбейт (Өмүрбаев)» (КТФС 508). Мындан тышкары азыркы кыргыз тилинде «элиг, эл» сөзүнүн туунду формалары да бар. «Жоолашкан, касташып, урушкан боюнча жүрбөй, өз ара таарынычын жазып, эл болуу, жарашып, ынтымакка келүү» (КТС 2011:844) деген маанидеги «элдеш» сөзүнүн алгачкы түз мааниси да «кол алышуу, кол кармашуу» болсо керек деп божомолдоого болот. Азыркы кыргыз тилиндеги «калк» деген маанини билдирген «эл» сөзү дагы жогоруда сөз болгон «аскер» маанисиндеги «кол» деген сөз сыяктуу эле синекдохалык жол менен, башкача айтканда, бөлүктүн аты менен бүтүндү атоо аркылуу пайда болушу ыктымал. Жогоруда айтылгандай, көп маанилүүлүктүн пайда болушунун бул модели кыргыз тилинде азыркыга чейин бир топ активдүү колдонулат.