Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Эшик-эликте жүрөт деген учурда айтылган кош сөздүн бир түгөйү болгон элик азыркы кыргыз тилинде өзүнчө айтылбайт. Бирок ал сөз чуваш тилинде алак (ЧРС, 30) түрүндө айтылып, кыргызча «эшик» дегенди билдирет. Байыркы түрк тилдеринде ш тыбышы л тыбышына алмашып айтылган варианты да болгон. Мындай л-чылык чуваш тилинде басымдуу сакталса, башка түрк тилдеринде ш-чылык үстөмдүк кылат. Ошондой болсо да ш-чыл тилдерде айрым л-чыл варианты да жашап кала берген. Азыркы жаш жана жыл, беш жана билек деген сөздөр ушундай кубулуштун калдыктарынан болуп эсептелет.