Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде эл «колдун манжасы (ДТС, 169) деген маанидеги сөзгө -иг мүчөсү жалганганда жаралган элиг (ДТС, 170) сөзү кайра эле ошондой маани берип калган. Мына ушул элиг сөзүнүн аягындагы г тыбышы түшкөн түрү кыргыз тилинде эли болгон. Эли сөзү колдун бир манжасынын калыңдыгына барабар өлчөмдү билдирет. Андай мааниси алгачкы колдун манжасы деген маанисинен келип чыкканын баамдоо анчалык кыйын эмес.