ЭЛЕС АЛБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Назар салбоо, анча көңүл бөлбөө, байкабоо. Эмил келинге бир карап койду да, анча элес алган жок (Сыдыкбеков). Баланын бой жетип калганын анча элес албай жүргөн турбайбызбы, - деп ата-энеси бир топко кобурашып отурду («Ленинчил жаш»).