Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Электрондук цифралык кол тамга (Electronic digital signature) —1) Алгачкы маалыматты электрондук цифралык кол тамганын жабык ачкычын пайдалануу менен кайраөзгөрткөн учурда алынган белгилердин ырааттуулугу, ал электрондук цифралык кол тамганын ачык ачкычынын пайдалануучусуна бул маалыматтын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн, ошондой эле электрондук цифралык кол тамганын жабык ачкычынын ээсин аныктоого мүмкүндүк берет. 2)Анын жардамы менен төлөм системасынын катышуучусу электрондук төлөм документинин аныктыгын жана бүтүндүгүн тастыктаган инструмент болуп саналат. Электрондук цифралык кол тамга электрондук төлөм документине кол койгон төлөм системасынын катышуучусун аныктайт.