Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Материянын бөлүкчөлөрүнүн (электрондордун, позитрондордун) кыймылынан пайда болгон энергиянын бир формасы, кубаты, күчү. Электр тогу. Электр заряды. 2. Ушундай энергиянын эл чарбасында, үй тиричилигинде колдонулган бир формасы. Ал жерде электр балбылдап күйүп, чар тарапка нурун чачты (Турусбеков). Электр шам, жаркырап күй бер сен, Жарыгымды уурдаган о жарыгым (Байгазиев).