Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Материянын бөлүкчөлөрүнүн (электрондордун, позитрондордун) кыймылынан пайда болгон энергиянын бир формасы, кубаты, күчү. Электр тогу. Электр заряды.
2. Ушундай энергиянын эл чарбасында, үй тиричилигинде колдонулган бир формасы. Ал жерде электр балбылдап күйүп, чар тарапка нурун чачты (Турусбеков).
3. Ушундай энергиядан алынган жарык.