элечек
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. Аялдардын ак кездемеден тегерете кат-кат кылып оролгон баш кийими. Ак байбиче Чыйырды Ак элечек оронуп («Манас»). Сыя эне да элечегин алып, кеп такыясын ээгинен чалып жеңилденди (Бейшеналиев).
♦Каз элечек — эң чоң элечек. Каз элечек кийген келиндер, кундуз кийген, шөкүлө кийген кыздар жаш талдай буралып, жайнап чыга келди («САЖИ»). Каз элечек мен элем, Кармаган эрим сен элең (Тоголок Молдо). Элечек акы — күйөөнүн кайын энесине (кыздын энесине) берген белеги.