Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. 1. Электи же калбырды экчеп, ун-талканды, эгинди ж. б. кебегинен тазалоо, ажыратуу, бөлүү; иргөө. Ун элеп жатат. Кум эледи. Калбырга буудайды элей кой.
2. Өйдө ыргытылган же ыргыган нерсени (мис., чикитти, топту) жерге түшүрбөй тосуп алуу; ургулап саноо. Балдар чикит ойнор алдында элешип, ким көп элесе, ошонусу оюнду баштачу (Мидин).
ЭЛЕ II этиш. Негизги этиш менен же башка атооч сөздөр менен кошо айтылуучу көмөкчү этиш. Барган элем. Келген эле. Айланайын Күлүсүн, Медер эле жүрүшүң (Калык).
ЭЛЕ II бөл. Башка сөздөр менен айкалышып, чектөө маанисинде колдонулат. Үч эле күн илгери өзү кеткен (Сыдыкбеков).