Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Электи же калбырды экчеп, ун-талканды, эгинди ж. б. кебегинен тазалоо, ажыратуу, бөлүү; иргөө. Ун элеп жатат. Кум эледи. Калбырга буудайды элей кой. 2. Өйдө ыргытылган же ыргыган нерсени (мис, чикитти, топту) жерге түшүрбөй тосуп алуу; ургулап саноо. Балдар чикит ойнор алдында элешип, ким көп элесе ошонусу оюнду баштачу (Мидин). 3. Эшилме кум, топурактын шамалдан, өткөн-кеткендердин басканынан улам майдасы өзүнчө, кесеги өзүнчө бөлүнүп, эленген сыяктуу көрүнүшү. Кыртыштар таман алдында Эленет миң бир өлчөнүп (Буларкиева).