Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛДЕРДИН ӨЗ ТАГДЫРЫН ӨЗҮ ЧЕЧҮҮ ПРИНЦИБИ – эларалык укуктун негизги императивдик принциптеринин бири, толук аталышы – «Элдердин теңчилик жана өз тагдырын өзү чечүү принциби» (БУУ Уставынын 1-статьясынын 2-пункту). Анын эларалык-укуктук мазмунунун жалпыга таанылган түшүндүрмөсү 1966-жылдагы Адам укугу жөнүндөгү Пактынын 1-статьясында мазмуну боюнча бирдей болуп камтылган: «Баардык элдердин өз тагдырын өзү чечүүгө укугу бар. Ушундай укуктан улам, алар өзүнүн саясий статусун эркин орното алат жана өздөрүнүн экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүн эркин камсыз кылат».