ЭЛЧИ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир тараптын экинчи бир тарап менен жарашуу, элдешүү, сүйлөшүү ж. б. иштерин жүргүзүүчү ишенимдүү адам, өкүл. Элден тандап элчи алып («Манас»). 2. Бир мамлекет менен экинчи мамлекеттин эл аралык байланышын ишке ашыруучу, аны тескөөчү толук ыйгарым укуктуу адам. Чогулушта Кыргызстандын Түркиядагы элчиси сөз сүйлөдү.