Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК ЖЕКЕ ДЕҢИЗ УКУГУ – ченемдери чет элдик элементи бар жана деңиз соодасына байланыштуу мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана жарандардын мамилелерин жөнгө салуучу эларалык жеке укуктун тармактык бөлүмдөрүнүн бири. Мамлекеттик ички мыйзамдар жана эларалык келишимдер Э. ж. д. у-нун булактары болуп саналат. Э. ж. д. у. – деңиз укугунун ажырагыс бөлүгү (эларалык жалпы элдик жана улуттук деңиз укуктары менен бир катарда).