Эларалык уюмдар
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК УЮМДАР – эларалык келишимдердин (уставдын, статуттун же башка уюштуруучу документтин) негизинде түзүлгөн өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес мүнөздөгү туруктуу институттар. Э. у. үчүн: түзүмүн жөнгө салуучу уюмдаштыруучу, уюмдун ишмердигинин негизги максаттарын жана багыттарын аныктоочу документтин болуусу; ишмердигинин туруктуу же такай мүнөзүн аныктоочу документтин болуусу; ишмердигинин негизги усулу катары көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жана маселелерди талкуулоону пайдалануусу; чечимдерди добуш берүү же консенсус жолу менен кабыл алуусу мүнөздүү. Өкмөттөр аралык Э. у. жана өкмөттүк эмес Э. у., ошондой эле бүткүл дүйнөлүк жана аймактык болуп бөлүнөт.