Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК-УКУКТУК КААДА – эгер андай өзара мамилелер эларалык келишимдер аркылуу жөнгө салынбаган болсо, баардык же айрым мамлекеттердин өзара мамилесинде узак мезгилден бери колдонулуп келаткан эрежелер. Анын зарыл шарттары – Э. у. к-ны баардык же айрым өлкөлөрдүн иштиктүү колдоосу (белгилүү бир аракеттер аркылуу) же андай аракеттерден калыс калуу жолу менен таануусу. Ошол эле учурда, өзөгүндө эгемендик жана теңдик турган каадалар баардык өлкөлөр үчүн бирдей болууга тийиш.