Эларалык террорчулук
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК ТЕРРОРЧУЛУК – адамдардын максатсыз өлүмдүрүнө алып келүүчү, мамлекеттердин жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн ойдогудай дипломаттык ишмердиктерин бузуучу жана эларалык байланыштарды жана жолугушууларды ишке ашырууну, ошондой эле мамлекеттердин арасындагы транспорттук байланыштарды татаалдаштыруучу эларалык масштабдагы коомдук коркунучтуу жосундардын жыйындысы.