Эларалык өнүктүрүү ассоциациясы (эөа)
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ АССОЦИАЦИЯСЫ (ЭӨА) – ЭКӨБдүн өзалдынча бөлүмү; ал атайын өнүгүп келаткан өлкөлөргө (ЭКӨБдүн мүчөлөрү үчүн гана) жеңилдетилген (кээде 50 жылдык мөөнөт менен пайызсыз негизде) кредиттер менен зайымдарды берүү үчүн 1960-жылы банктын чечими боюнча түзүлгөн. Өзүнүн уставы бар, бирок иш жүзүндө ЭКӨБ башкарып, көп учурда банк менен бирдикте аргандай долбоорлорду кредиттейт. ЭӨА түзүмү: башкаруучулар кеңеши; аткаруу директораты; президент. Башкаруучулар кеңеши менен аткаруу директоратынын курамы ЭКӨБдөй эле. Башкаруу-тескөө иштерин ЭКӨБ кызматкери айкалыштырып иштөө менен жүргүзөт.