Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК МҮНӨЗДӨГҮ КУРАЛДУУ ЖАҢЖАЛ – мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуу; көтөрүлүш чыгарган (же согушуп жаткан) тарапка каршы кайсы бир мамлекеттин куралдуу күчтөрү менен улуттук-боштондук кыймылдарынын өзара кагылышуусу. Ал согуштук аракеттердин чектелүүсү жана кыйла кыска мөөнөткө созула тургандыгы менен мүнөздөлөт. Э. м. к. ж-га катышкан баардык тараптар тийешелүү эларалык укук ченемдерин, тагыраак айтканда, согуш каадалары менен согуш мыйзамдарын сактоого милдеттүү.