Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК КЫЗМАТЧЫЛАР – эларалык уюмдардын штаттык кызматкерлери. Кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууда өзү жараны болгон мамлекеттен жана эларалык уюмдун штаб-кеңсеси жайгашкан мамлекеттен көз каранды эмес. Э. к. статусу тийиштүү уюмдун уставдык документтеринде жана эларалык келишимдерде аныкталат.