Эларалык келишимди бузуу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДИ БУЗУУ – эларалык келишимдердин тараптарынын жабыркоочуга же жабыркоочуларга зыян келтирүүчү жана эларалык-укуктук жоопкерчиликке кириптер кылуучу укукка каршы кылмыштуу аракеттери же аракетсиздиктери. Э. к. б. ошондой эле эларалык милдеттенмелерди акниет аткаруу принцибин бузат.