Эларалык келишимдерди жаңылоо
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИ ЖАҢЫЛОО – мурдагы келишимдерди жаңы шарттарга жараша колдонууга шайкеш келтирүү максатында, аны жаңы милдеттенмелер менен жарым-жартылай же толук алмаштыруу жолу менен эларалык келишим боюнча милдеттенмелерди жаңылоо. Э. к. ж. келишим түзгөн тараптардын өзара макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат (анын аракет мөөнөтүнө же жаңы мөөнөткө). Ал бүтүндөй келишимге же анын кандайдыр бир бөлүгүнө тийиштүү болот.