Эларалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (экөб)
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК КАЙРА КУРУУ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ (ЭКӨБ) – өкмөттөр аралык кредиттик-каржы уюму, төмөнкү милдеттерди ишке ашырат: а) мүчө өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзүү; б) эларалык сооданын өнүгүшүнө жана төлөм баланстарын колдоого көмөктөшүү. ЭКӨБ формалдуу түрдө (Бүткүл дүйнөлүк банктын курамында) БУУнун адистештирилген мекемеси, ошентсе да банктын уставына жана БУУ менен ЭКӨБ кол койгон келишимге ылайык банк чечим кабыл алууда көз карандысыз болуп саналат.