Эларалык гуманитардык укук
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК ГУМАНИТАРДЫК УКУК – согушуп жаткан мамлекеттердин өзара мамилелерин, ошондой эле бир жагынан – алардын ортосундагы, экинчи жагынан – алар менен бейтарап өлкөлөрдүн өзара мамилелерин жөнгө салуучу, эларалык конвенциялык жана согуш жүргүзүүнүн кадимки ченемдеринин (согуш мыйзамдары жана салттары) жыйындысы; алардын максаты – согуштук каражаттарды жана усулдарды гумандаштыруу. Э. г. у-тун ченемдери айрым алганда, согуш туткундарын, жарандык калктын жана согуштун башка курмандыктарын коргойт.