Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛАРАЛЫК ЭМГЕК УЮМУ (ЭЭУ) – 1919-жылы түзүлгөн өкмөттөр аралык уюм. 1946-жылы ЭЭУ БУУнун эң алгачкы адистештирилген мекемеси болуп калган. 2005-жылга карата ЭЭУга 178 мамлекет (анын ичинде КР да) кирет. ЭЭУ эмгек шартын коргоо жана жакшыртуу, жумуш менен толук камсыз кылуу, жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатуу, ишкерлер менен эмгекчилердин өзара кызматташуусун чыңдоо максатында өкмөттөрдү, ишкерлерди, эмгекчилерди теңдеш абалда бириктирип турат. Конвенциялар менен сунуштарды иштеп чыгат. ЭЭУ түзүмүн: Эларалык эмгек жыйыны, Административдик кеңеш, Эларалык эмгек бюросу, үч тараптуу комитеттер, аймактык жана атайын жыйындар түзөт.